• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бүгүн Бишкекте сайма саюу боюнча сынак өтөт

Маданият 0

Бишкек, 19.12.21. /Кабар/. Бүгүн, 19-декабрда Бишкектеги Кыргыз улуттук тарых музейинде республикалык “Сайма чемпионаты - 2021” сынагы өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, саймачыларга арналган бул иш-чара “Кийиз дүйнө” коомдук фонду, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги жана Кыргыз улуттук тарых музейинин колдоосу менен уюштурулган.

Иш-чарага Кыргызстандын бардык аймактарынан “керме сайма” сайганды билгендер катыша алат.

Сынактын максаты — саймачылык өнөрүн кайрадан жандандыруу, сактоо жана жайылтуу.

Сынак бүгүн, 19-декабрда саат 11:00дө башталмакчы.

Пикир

Оставить комментарий