• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кыргызстанда коронавирус жуктурган 234 адам бейтапканаларда дарыланууда

COVID - 19 0

Бишкек, 02.05.20. /Кабар/. Кыргызстанда коронавирус жуктурган 234 адам бейтапканаларда дарыланууда. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.

Ал белгилегендей, коронавирус жуктурган 11 адамдын абалы оор, анын ичинен бешөө реанимацияда жатат. 43 бейтаптын абалы орточо оор. 180 бейтаптын абалы канааттандырарлык.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 2-майга карата коронавирус жуктурган 13 жаңы учур катталды. Азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктурган учурлардын саны 769ду түзөт. Алардын ичинен 527 адам коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылган. Коронавирус жуктурган 8 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий