• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Четте карап тура турган мезгил эмес. Боронов жеке медициналык борборлорду кызматташууга чакырды

COVID - 19 0

Бишкек, 02.07.20. /Кабар/. Бүгүн өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында премьер-министр Кубатбек Боронов жеке медициналык борборлорду кызматташууга чакырды.

“Жеке медициналык борборлордун жана лабораториялардын жетекчилери, баарыңызарды кызматташууга чакырым. Штабдын чечими менен сиздерге анализ жүргүзүүгө, кеңеш берүүгө, дарылоого жана толук кандуу медициналык жардам көрсөтүүгө уруксат берилген. Эл бар үчүн сиздердин да бизнесиңиздер жүрүп жатат. Азыр четте карап тура турган мезгил эмес. Элди аман алып калуунун үстүндө баарыбыз биригишибиз зарыл. Бүгүн көптөгөн жарандарыбыз жардамга өтө муктаж болуп турат, ооруган жарандар эмне кыларын билбей жатат”, - деди ал.

Анын айтымында, айрым жарандар оорубаса деле ооруну шектенип эле ооруканага барып, дарыгерлердин ишине тоскоолдуктар жаралып жатат. Ал жарандарды кандайдыр бир шектенүү болсо, Үй-бүлөлүк дарыгерлерге кайрылууга чакырды.

“Элибиз адистердин кеңешине, колдоосуна муктаж болуп турат. Ошондуктан биз жеке медициналык борборлордун жана лабораториялардын кызматкерлерине пандемия маалында элге туура маалымат берүүгө жардам берүүгө, ыктыярчылык иштерге чакырабыз. Мүмкүнчүлүк болсо коронавирустан сактануу боюнча Саламаттык сактоо министрлиги сунуштаган алгоритмдерге ылайык акысыз медициналык кеңештерди берүү кызматтарын ачыңыздар. Акысыз медициналык жардам көрсөтүү деп суранып жаткан жокпуз, колунан келсе акысыз медициналык жардам берсе биз абдан кубанат элек. Элге адистердин ишенимдүү, туура, так маалымат берүүсү суу менен абадай керек болуп жатат. Эч болбосо ушундай жардам берүүңүздөрдү суранам”, - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий