• 88.68
  • 95
  • 0.95

COVID-19. Кыргызстанда вакцинанын экинчи дозасын 1 млн 189 миң 261 адам алды

COVID - 19 0

Бишкек, 07.03.22. /Кабар/. COVID-19га каршы күрөшүү боюнча республикалык штаб эмдөө боюнча статистикалык маалыматтарды берди.

Акыркы сутка ичинде коронавируска каршы эмдөө алгандар тууралуу толук маалыматты келтиребиз:

- биринчи дозасын 392 адам алды, жалпы 1 млн 453 миң 953 адам;
- экинчи дозасын 9 адам алды, республика боюнча экинчи доза алгандар 1 млн 189 миң 261 адам;
- бустердик дозаны 48 адам алды, алардын жалпы саны 129 миң 916 адамга жетти.

Пикир

Оставить комментарий