• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Сутка ичинде өлкө боюнча 13 медкызматкер коронавирус жуктуруп алды

COVID - 19 0

Бишкек, 22.08.20. /Кабар/. Сутка ичинде өлкө боюнча 13 медкызматкер коронавирус жуктуруп алды. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында 2, Ош шаарында бир, Чүй облусунда бир, Баткен облусунда 5, Жалал-Абад облусунда 4 медик ооруп калган.

“Ал эми бир суткада 1 медициналык кызматкер ооруканадан айыгып чыгарылды. Үй карантининен айыгып чыгарылгандар жок. Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында 3086 учур катталды, алардын ичинен 2384 медкызматкер айыгып чыкты”, - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда коронавирус жуктурган учурлардын саны 42 миң 889ду түзөт. Алардын ичинен 36 миң 56 киши айыгып чыкты, 1 миң 55 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий