• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстанда дагы 48 адамда коронавирус аныкталды. Жалпы 554

COVID - 19 0


Бишкек, 19.04.20. /Кабар/. Кыргызстанда 19-апрель саат 10:00гө карата коронавирус жуктурган дагы 48 жаңы учур катталды. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев өкмөт үйүндө өткөн маалымат жыйында билдирди.

Анын айтуусуна караганда, өлкөдөгү эпидемиологиялык абал курч бойдон калууда. Жалпы коронавирус жуктуруп алгандардын саны өлкө боюнча 554 адамга жетти.

"Жаңы катталган 48 учурдун ичинен Бишкек шаарында – 9, Чүй облусунда – 2, Ысык-Көл облусунда – 2, Ош облусунда – 7, Ош шаарында – 9, Жалал-Абад облусунда - 9, Нарын облусунда – 11 жана Баткенде – 1 адам бар", - деп кошумчалады ал.

Жалпы 554 учурдун ичинде:

  • Жалал-Абад облусу – 102
  • Ош облусу – 147
  • Ош шаары – 83
  • Чүй облусунда – 30
  • Бишкек шаары – 111
  • Баткен облусунда – 6
  • Нарын облусу – 67
  • Ысык-Көл облусунда – 8.

Пикир

Оставить комментарий