• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Медицина кызматкерлери коргонуучу каражаттар менен толук камсыздалууда – Каратаев

COVID - 19 0

Бишкек, 09.04.20. /Кабар/. Бүгүнкү күндө медицина кызматкерлери коргонуучу каражаттар менен толук камсыздалууда. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Мадемин Каратаев өкмөт үйүндө өткөн маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, медиктер коргонуучу каражаттар менен толук камсыздалууда. “Азыркы убакта коргонуучу каражаттар жетиштүү. Бул боюнча бардык чаралар көрүлүүдө”, - деп кошумчалады ал.

Каратаев баса белгилегендей, биринчи убакта коргонуучу каражаттар жетишпей калып жаткан учурлар болгон. “Азыр дагы жер-жерлерде коргонуучу каражаттардын жетишпеген учурлары болуп калып жатат. Бирок, биз бул муктаждыктарды чечүүдөбүз. Белгилеп кетсек, кечээ эле Кытайдан гуманитардык жардам катары коргонуучу каражаттар келди. Мындан мурда Өзбекстандан алып келинген”,- деди ал.

“Эгер коргонуучу каражаттарды колдонуу боюнча айта кетсек, беткаптарды ар бир үч саат сайын, ал эми костюмдарды бейтаптарга бир кирип чыккандан соң, алмаштыруу зарыл. Колдонулган беткап, колкап, костюмдар өрттөлүшү керек”, - деп түшүндүрдү министрдин орун басары.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 9-апрелге карата коронавирус жуктурган 10 жаңы учур катталды. Азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктурган учурлардын саны 280ге жетет. Алардын 34ү медицина кызматкери. Бейтаптардын ичинен 30 адам коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылган. Коронавирус жуктурган 4 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий