• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Министр Чолпонбаев коронавирустан айыккан алгачкы үч адамдын абалы тууралуу маалымат берди

COVID - 19 0

Бишкек, 30.03.20. /Кабар/. Саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев өкмөт үйүндө өтүп жаткан маалымат жыйынында коронавирустан айыккан алгачкы үч адамдын абалы тууралуу маалымат берди.

Министрдин айтуусуна караганда, коронавирустан айыккан үч бейтап алгачкылардан болуп ооруканага түшкөндөр. Алар Жалал-Абад облустук ооруканасында дарыланып жатышкан.

"Учурда алардын абалы жакшы, дагы бир ирет анализдер алынган. Жыйынтыгы оору жок экендигин көрсөттү, үйлөрүнө чыгаруудабыз. Болжол менен 50 жаштын тегерегиндеги адамдар", - деп кошумчалады министр.

30-мартка карата Кыргызстанда 94 адам коронавирус жуктуруп алгандыгы аныкталды. Алардын ичинен Жалал-Абад облусунда - 49, Ош облусунда - 33, Бишкек шаарында - 7 , Чүй облусунда - 3, Баткен облусунда - 1, Нарын облусунда - 1 учур. Коронавирусу аныкталган бейтаптардын ичинен: аялдарда – 53 учур, эркектерде – 41 учур.

Пикир

Оставить комментарий