• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Комендант Жеңиш Жоробеков медицина кызматкерлери менен жолукту

Аймак 0

Бишкек, 19.04.20. /Кабар/. Жалал-Абад шаары жана Сузак району боюнча комендант Жеңиш Жоробеков медицина кызматкерлери менен жолугушту.

Жалал-Абад шаары жана Сузак району боюнча комендатурасынын басма сөз кызматынан билдиришкендей, жолугушууда комендант Жалал-Абад облустук клиникалык ооруканасынын жана үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун жалпы жамаатынын жасап жаткан жумуштарына ыраазычылык билдирип, комендатурага байланыштуу суроолорго жооп берген.

Өз кезегинде медицина кызматкерлери жакынкы райондордон келип иштегендиктен блокпосттордон өтүүдө тоскоолдуктар жана көйгөй жаралып жатканын билдиришкен.

"Ошондой эле кээ бир жарандар облустук ооруканага дарылануу боюнча көрсөтмөгө келээри айтылып, алардын кайра кайтууда кыйынчылыкка дуушар болуп жатканына токтолушту. Мындан сырткары, медицина кызматкерлеринин айлык маянасынын аздыгын белгилеп өтүштү. Комендант Жоробеков коменданттык саатка жана блокпостторго байланыштуу маселелерди жеринде чечип, алардын татаал жана жоопкерчиликтүү жумуштарын баалап, иштерине ийгиликтерди каалады", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий