• 88.68
  • 95
  • 0.95

Таласта милициянын эки ардагери “Ардактуу атуул” наамына ээ болушту

Аймак 0

Бишкек, 30.12.21. /Кабар/. Талас шаарынын музыкалык мектебинде 28-декабрда жыл жыйынтыгы чыгарылды. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Анда Талас шаарынын мэри Аскар Шабданов тарабынан Талас облустук милициясынын ардагери Баяз Абдылдаевге Талас шаарынын “Ардактуу атуулу” наамын тапшырды. Абдылдаев ички иштер органдарында 1962-жылда жөнөкөй рядовойдон баштаган.

Кызматынын дээрлик басымдуу бөлүгүн кылмыш иликтөө бөлүмүндө жана экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүүгө жумшаган. 1994-жылы ардактуу эс алууга көп жылдар бою Талас облустук ички иштер башкармалыгынын кылмыш иликтөө бөлүмүнүн начальниги кызматына иштегенден соң чыккан.

Ал эми 30-декабрь күнү Талас облусунун администрациясында өткөн жылдын жыйынтыгын чыгаруучу чогулушта Талас облустук милициясынын ардагерлер кеңешинин төрагасы Күлчоро Жамангараевге президенттин Талас облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Бакытбек Нарбеков тарабынан Талас облусунун “Ардактуу атуулу” наамы тапшырылды.

Жамангараев Кулчоро ички иштер органына 1982-жылы кирип, өз кызматын экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү бөлүмүндө опер кызматкеринен баштаган. Кадрлар бөлүмүндө жана башка бөлүмдөрдө иштеген. Жалпы милицияга 36 жыл ак кызматын ийгиликтүү өтөгөн.

Пикир

Оставить комментарий