• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Акылбек Жапаров жана Аскар Мамин эки тараптуу кызматташтыктын маселелерин талкуулады

Өкмөт 0

Бишкек, 30.12.21. /Кабар/. Кыргызстандын министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун Казакстандын премьер-министри Аскар Мамин менен телефон аркылуу сүйлөшүүсү орун алды. Бул тууралуу КР министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирет.

Телефондук сүйлөшүү алкагында Акылбек Жапаров жана Аскар Мамин эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелерин талкуулады.

Ошондой эле министрлер кабинетинин башчысы Казакстандын премьер-министрин келе жаткан Жаңы жылы менен куттуктап, ага чың ден соолук, бакубаттуулук жана мамлекеттик ишмердүүлүгүндөгү ийгиликтерди, ал эми бир тууган Казакстан элине тынчтык жана өнүгүүнү каалады.

Пикир

Оставить комментарий