• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Министрлер кабинетинде шектүүлөргө электрондук билерик түрүндө мониторинг жүргүзүүнүн жаңы системасын киргизүү маселеси каралды

Өкмөт 0

Бишкек, 03.05.23. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров шектүүлөргө электрондук билерик (электрондук байкоо) түрүндө мониторинг жүргүзүүнүн жаңы системасын киргизүү маселесин талкуулаган жыйын өткөрдү.

Жыйындын жүрүшүндө юстиция министри Аяз Баетов электрондук билериктердин жардамы менен кылмышка шектүүлөрдүн жайгашкан жерин жана алардын кыймыл аракетин көзөмөлдөө үчүн колдонула турганын белгиледи.

“Бул технология укук бузуулардын санын кыскартууга жана укук коргоо органдарынын ишинин натыйжалуулугун жогорулатууга жардам берет. Электрондук билериктерге карата ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүп жаткан шектүүлөрдү көзөмөлдөөнүн милдеттүү элементи болуп калышы мүмкүн, ошондой эле үй-бүлөлүк жана аялдарга карата зомбулук бир топ кыскартууга жардам берет”, – деди юстиция министри.

Мындан тышкары, электрондук билериктердин системасы түзөтүү мекемелеринин жүгүн азайтып, пенитенциардык системаны өнүктүрүүнүн жаңы этабы болуу менен, укук коргоо органдарынын ишинин сапатын жогорулатууга жана жарандардын коопсуздугун жогорулатууга жардам берээри айтылды.

Белгилей кетсек, электрондук байкоо түрүндөгү бөгөт коюу чарасы КРнын Кылмыш-жаза кодексинин VI беренесинде каралган оор жана өзгөчө оор кылмыштарды жасаган шектүүлөргө карата колдонулбайт.

Жыйындын соңунда Акылбек Жапаров мыйзам талаптарын эске алуу менен бул системаны ишке киргизүү боюнча башка өлкөлөрдүн тажрыйбасын изилдеп, каржылык эсептөөлөрдү так жүргүзүүнү тапшырды.

Жыйында ошондой эле юридикалык жактарды жоюуну жөнөкөйлөтүү жана мамлекеттин аутсорсинг функцияларын жеке секторго берүү боюнча маалымат берилди.

Белгилей кетсек, юридикалык жактарды каттоону жана жоюуну жөнөкөйлөтүү боюнча тапшырма мамлекет башчысы тарабынан мамлекеттик процесстерди жана кызматтарды бюрократизациялоонун жана чечимдерди кабыл алуунун натыйжалуулугун жогорулатуунун алкагында берилген.

Пикир

Оставить комментарий