• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кыргызстан менен Өзбекстандын жарандары чек арадан ID-карта менен өтө алышат

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 03.05.23. /Кабар/. Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында 2023-жылдын 27-январында Бишкек шаарында кол коюлган 2006-жылдын 3-октябрындагы Жарандардын өз ара барып-келүүлөрү жөнүндөгү КР Өкмөтү менен Өзбекстан Өкмөтүнүн ортосундагы макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколду ратификациялоо маселеси каралды.

Талкуу маалында тышкы иштер министринин орун басары Алмаз Имангазиев белгилегендей, протоколду ратификациялоо эки мамлекеттин жарандарынын өз ара барып-келүүлөрү үчүн жагымдуу шарттарды түзөт. Анткени протокол эки мамлекеттин аймагына кирүү, чыгуу, транзиттик өтүү, жүрүү жана убактылуу болуу үчүн ID-картаны документ катары пайдаланууга мүмкүндүк берет.

Андан тышкары, жыйында “КР Министрлер Кабинети менен Мальдив Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Визалык талаптардан өз ара бошотуу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу”, “КР Министрлер Кабинети менен Бахрейн Королдугунун Өкмөтүнүн ортосундагы Дипломатиялык, кызматтык жана атайын паспорттордун ээлерин визалык талаптардан бошотуу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу”, “Нью-Йорк шаарында кол коюлган КР Министрлер Кабинети менен Ливан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Дипломатиялык, кызматтык жана атайын паспорттордун ээлерин визалык талаптардан өз ара бошотуу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу”, “КР Өкмөтү менен Бириккен Араб Эмираттарынын Өкмөтүнүн ортосундагы Дипломатиялык паспорттордун ээлери үчүн визалык талаптарды өз ара жокко чыгаруу жөнүндө өз ара түшүнүшүү" тууралуу меморандумга КР Тышкы иштер министрлиги менен Бириккен Араб Эмираттарынын Тышкы иштер жана эл аралык кызматташтык министрлигинин ортосунда ноталар менен алмашуу аркылуу киргизилген өзгөртүүлөрдү ратификациялоо жөнүндөгү” мыйзам долбоорлору каралды.

Талкуу маалында депутат Эмиль Токтошев визалык жеңилдиктерди берүү жаатында Казакстан, Кытай өңдүү мамлекеттер менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү зарылчылыгына токтолуп, бул жаатта алгылыктуу иштерди алып барууга чакырды.

Ал эми депутат Улугбек Ормонов визалык жеңилдиктерди берүү менен катар Кыргызстанга кирген чет өлкөлүк жарандардын так эсебин алуу керектигин белгилеп, бул коопсуздук үчүн өтө маанилүү экенин кошумчалады.

Андан тышкары, депутат Нуржигит Кадырбеков дипломатиялык алакаларды арттыруу жаатындагы аракеттерди улантуу сунушун берсе, депутат Нурлан Ражабалиев Украинадагы Кыргызстандын элчилигине учурдагы абалды эске алып кошумча колдоолорду көрсөтүү керектигин белгиледи.

Ошондой эле депутат Надира Нарматова этникалык кыргыздардын статусуна байланышкан көйгөйлөргө токтолуп, Өзбекстанда Кыргызстандын дипломдору таанылбай жатканы боюнча жагдайды чечүүгө үндөдү.

Депутат Камила Талиева эки өлкөнүн дипломатиялык мамилелерин жакшыртуу максатында иштелип чыккандыгын белгиледи. Ал этникалык кыргыз студенттерге жеңилдиктерди берүү жана элчиликтердин аппаратында иштеген кызматкерлерди кайрадан карап чыгуу зарылчылыгын көтөрдү.

Жыйынтыгында мыйзам долбоорлоруна добуш берилип, үч окууда кабыл алынды.

Пикир

Оставить комментарий