• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Килкилдек жана өрүк токочтор: Баткендин бренди боло турган продукциялар тандалды

Аймак 0

Бишкек, 03.03.20. /Кабар/. Баткендин бренди боло турган продукциялар тандалды. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, күн мурун, 2-мартта Баткен шаарында JICA уюмунун колдоосу менен ишке ашып келе жаткан «Бир айыл - бир продукт» долбоорунун Бренд комитетинин чечими менен 7 продукцияга сертификат ыйгарылды.

Алар;

- Баткен килеми, өрүк скрабы, өрүк талканы, килкилдек, шербет чүлү, нукура таттуулар жана өрүк токочтор.

Эми бул продукцияны өндүргөн Баткен ишкерлери алдыда болуучу республикалык бренд таймашка катышышат.

Долбоордун багыты - жергиликтүү ресурстарды пайдаланып, экологиялык жактан таза продуктуларды өндүрүп, Batken Product аталышындагы логотип менен Баткен бренд продукциясын бүт өлкөгө жана чет өлкөлөргө жайылтуу.

Бул долбоор жергиликтүү өндүрүүчүлөр менен чогуу иштешип, алар өндүргөн продукциялардын сапатын жогорулатууга, улуттук жана эл аралык стандарттардын негизине үйрөтүүгө, алар иштеп жаткан цехтерде санитардык жана гигиеналык эрежелердин сакталышын көзөмөлгө алып, өндүрүлгөн продукцияларды сатууга көмөктөшүп, маркетинг жагынан да жардам берет.

Учурда Баткен облусунда долбоорду активдештирүү максатында материалдык базасын чыңдоо жана цехтерди уюштуруу иш аракеттери жүрүүдө.

Пикир

Оставить комментарий