• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Бишкектеги жерлерди мыйзамдаштыруу. "Жер-Ынтымагы" конушунун тургундарына 475 техпаспорт берилди

Коом 0

Бишкек, 30.12.21. /Кабар/. “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин акыркы маалыматы боюнча, 29-декабрга карата “Жер-Ынтымагы” конушунун тургундарына 475 техникалык паспорт берилген.

Муниципалитеттин басма сөз кызматы билдиргендей, жалпысынан 1 миң 70 арыз кабыл алынып, 8 учурда баш тартылып, 630 техникалык паспорт даярдалган.

"Ошондой эле купуялуулук тартибинде "Ала-Тоо", "Дордой", "Арча-Бешик", "Керамика", "Төкөлдөш", "Ак-Ордо", "2-Шарт", "Кара-Жыгач" , "Тынчтык", "Учкун" конуштарында 2021-жылдын 13-декабрдан бери 357 арыз кабыл алынды", - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, техникалык паспортторду берүү боюнча ыкчам топтор 7-декабрдан тарта ишин баштаган.

Ыкчам топтор жеринде иликтөө иштерин жүргүзүп, андан соң өз алдынча турак жай курулган жер тилкелерине техникалык паспорт даярдашат. Ошондой эле шаардыктар Мамлекеттик каттоого түз байланышып, техникалык паспорт даярдоо үчүн арыз калтырса болот.

Техникалык паспортту даярдоо мыйзамдаштырууга укук бербейт, анда кыймылсыз мүлк тууралуу техникалык маалыматтар гана камтылган. Бул документ жер тилкелерин мыйзамдаштыруу боюнча көйгөйлөрдү чечүүнүн алгачкы этаптарынын бири болуп саналат.

Бишкек мэриясы шаардыктарды расмий маалымат булактарына гана ишенүүнү суранат. Мыйзамсыз аракеттерге күбө болсоңуз, Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын нөөмөт бөлүмүнө 0312 437175, 0312 437168 телефондору аркылуу кабарлаңыз.

Документти толтуруу үчүн талап кылынуучу документтердин тизмеси төмөнкү шилтемеде жеткиликтүү: https://www.meria.kg/ru/post/23317

Пикир

Оставить комментарий