• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте балдар үйүнүн эки бүтүрүүчүсүнө муниципалдык батирлер берилди

Коом 0

Бишкек, 22.10.19. /Кабар/. Бишкекте балдар үйүнүн эки бүтүрүүчүсүнө муниципалдык батирлер берилди. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Мэриядан белгилешкендей, аз камсыз болгон балдар үйүнүн эки бүтүрүүчүсүнө борбордогу Фучик көчөсү №18 дареги боюнча жайгашкан муниципалдык жатаканадан эки бөлмө берилди. Аларга батирдин ачкычтарын Муниципалдык мүлк башкармалыгынын башчысы Нурдин Тынаев тапшырган.

Батирлүү болгон Бекжан Үмөталиев – экинчи топтогу майып. Инсульт алып, оор операция болгондон кийин өзүнүн батирин сатууга аргасыз болгон. Үйүн саткандан кийин батирди ижарага алып жашап келген. Буга чейин райондук акимчиликте турак жай шарттарын жакшыртууга муктаж болгондордун тизмесинде болгон. Учурда короо шыпырып иштеп келет.

Ал эми экинчи батир берилген Азиза Тагаева эки баланын энеси. Балдарын жалгыз чоңойтуп келет. Эч жерде иштебейт. Муниципалдык турак жай алуу үчүн 3 жыл кезекте турган.

Пикир

Оставить комментарий