• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Вице-спикер Касымалиева: парламент журналисттерге колдоо көрсөтүшү керек

Коом 0

Бишкек. 08.05.19 /Кабар/. Ишкер Жалил Атамбаевдин "Азаттыктын" кабарчысы Ыдырыс Исаковго карата 50 млн сом доосун кайтарып алганы журналисттер жамаатынын жеӊиши болду, бирок мамлекеттин коррупцияга каршы күрөшүнүн жеӊиши болгон жок. Бул тууралуу депутат Аида Касымалиева Жогорку Кеӊеш жыйынынын жүрүшүндө билдирди.

"Мен депутат болгонго чейин он жылдай журналистика жаатында, анын ичинде «Азаттык» радиосунда иштегем, ошондон улам бул тармакты жакшы биллем", - деди депутат.

"Журналисттер жөнүндө аргандай пикирлер айтылып келет. Бирок, биздин эӊ башкы жетишкендигибиз сөз эркиндиги экенин эстен чыгарбашыбыз керек. Мисалы, Ыдырыс Исаковдун салыгын жашырган ишкер жөнүндөгү материалы маалыматтар ачык булактардан алынган журналисттик иликтөө болчу. Эгерде биз мындай сапаттуу журналисттик иликтөөлөрдү карандай каралоодон айырмалай албасак, анда артка кетип, аргандай фейктердин тузагында калабыз. Ошондуктан, парламент мындай журналисттерге колдоо көрсөтүшү керек", - деди Касымалиева.

Андан сырткары, депутат 2020-жылы парламенттик шайлоо болорун, ошондон улам азыртан эле маалымат согушу башталып калганын, аргандай фейк материалдар арбып баратканын белгиледи.

"Депутаттар маанилүү маселелерди өз маалында байма-бай көтөрүп, көптөгөн көйгөйлүү маселелерди чечиши керек эле, бирок андай болбой жатат. Мисалы, уран маселесин биз эмес, коомчулук өзү көтөрүп чыкты, аны журналисттер коштоп, маалыматтык колдоо көрсөттү. Биз болсо кечигип калдык", - деди Касымалиева.

Пикир

Оставить комментарий