• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

ӨКМ: тоолуу жолдорго кар көчкү түшүүсү күтүлөт

Коом 0

Бишкек, 11.02.22. /Кабар/. 2022-жылдын 12-февралынан 16-февралына чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүү коркунучу бар. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Алсак, Бишкек-Ош унаа жолунун 121-138 чакырымдарында (Төө-Ашуу ашуусу), 198-265 чакырымдарында (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы), Ала-Бука-Каныш-Кыя унаа жолунун 68-99 чакырымдарында, Красная Горка-Ак-Таш унаа жолунун 1-4 чакырымдарында, Мырза-Аке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолунун 55-107 чакырымдарында жана Казарман-Актал-Чат унаа жолунун 42-44 чакырымдарында (Ийри-Суу тилкеси), 67-80, 90-94 чакырымдарында (Кара-Гөө ашуусу) кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот.

Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

Пикир

Оставить комментарий