• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Боом капчыгайында таштарды кулатуу иштери жүрүп, жол маал-маалы менен жабылып турат

Коом 0

Бишкек, 20.05.19. /Кабар/. Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолундагы Боом капчыгайында таштарды кулатуу иштери жүргүзүлөт. Бул тууралуу "Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасынын басма сөз кызматы билдирди.

Ишкана билдиргендей, таштарды кулатуу иштери аталган жолдун 132-чакырымында 20-24-май күндөрү жүргүзүлөт.

Мындан улам, Ички иштер министрлигинин Жол коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы 20-24-май күндөрү саат 09:00дөн 15:00гө чейин жолду маал-маалы менен жабып турат.

Жолдо 30-40 унаа чогулуп калган учурда таштарды кулатуу иштери токтотулуп, унаалар өткөрүлүп турат.

Эскерте кетсек, таштарды кулатуу иштери күндүзгү маал гана жүргүзүлөт.

Пикир

Оставить комментарий