• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Абылгазиев Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэнди кабыл алды

Өкмөт 0

Бишек, 20.05.19. /Кабар/. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Кытай Эл Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Толук жана ыйгарым укуктуу элчиси Ду Дэвэнь айымды кабыл алды. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Жолугушууда Өкмөт башчы аны кызматка киришүүсү менен куттуктап, жооптуу ишинде ийгиликтерди каалады.

«Кыргыз Республикасынын Өкмөтү кыргыз-кытай коңшулаштык, достук жана кызматташтык мамилелерин жогору баалайт, алар өз ара аракеттешүүнүн бардык тармактарында динамикалуу өнүгүп жатат. Учурда эки мамлекеттин ортосунда активдүү саясий диалог жүрүп, биргелешкен ири экономикалык долбоорлор ишке ашырылып, маданий-гуманитардык кызматташуу жана коопсуздук тармагында өз ара аракеттешүү өнүгүп жатат», - деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Министрлер кабинетинин башчысы белгилегендей, үстүбүздөгү жылы Кыргыз Республикасында бир катар биргелешкен иш-чаралар өтөт. Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпиндин мамлекеттик сапары, Шанхай кызматташтык уюмунун саммити жана Кыргыз-кытай соода-экономикалык кызматташуу боюнча өкмөттөр аралык комиссиясынын 14-жыйыны болмокчу.

Кытайдын Толук жана ыйгарым укуктуу элчиси Ду Дэвэнь өз кезегинде куттуктоо үчүн ыраазычылык билдирди.

«Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун Кытай Эл Республикасына болгон мамлекеттик сапары, ошондой эле Кытай Башчысы Си Цзиньпиндин Кыргыз Республикасына күтүлүп жаткан сапары эки жактуу кызматташуунун бекемделишин ырастайт. КЭР Төрагасынын алдыдагы мамлекеттик сапары эки тараптуу алакалардын өнүгүшүнө жаңы дем берет деп ойлойм», - деди ал.

Мындан тышкары Элчи белгилегендей, үстүбүздөгү жылы Кыргыз Республикасына коргоо министри Вэй Фэнхэ, коомдук коопсуздук министри Чжао Кэчжи келип кеткен, ошондой эле Кытайдын тышкы иштер министри Ван Инин сапары күтүлүүдө.

«Эки жактуу мамилелерди чыңдоо жана өнүктүрүү үчүн бул жакшы мүмкүндүк, себеби Кытайдын Мамлекеттик кеңешинин мүчөлөрү кыска аралыктын ичинде бир эле өлкөгө сейрек сапар жасашат», - деп баса көрсөттү Ду Дэвэнь.

Жолугушуунун алкагында эки тараптуу кызматташтыктын жана келечектүү өз ара аракеттешүүнүн актуалдуу маселелери талкууланды

Пикир

Оставить комментарий