• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Исаков: Кыргызстан менен БУУӨП кызматташтыгы өз-ара байланышта иштешүүнүн ургаалдуу жаңы деңгээлине чыкты

Өкмөт 0

Бишкек, 17.01.18 /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков кечээ, 16-январда, БУУ тутумунун Туруктуу координатору, Кыргыз Республикасындагы БУУӨП Туруктуу Өкүлү Озонния Ожиело менен жолугушту. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын коомчулук жана ЖМК менен байланышуу боюнча бөлүмү билдирди.

Өкмөт башчы Озонния Ожиелону Кыргыз Республикасындагы БУУ тутумунун Туруктуу координатору жана Кыргыз Республикасындагы БУУӨП Туруктуу координатору катары миссиясынын башталышы менен куттуктады.

Сапар Исаков Кыргызстан жана БУУнун кызматташуусунун өнүгүшүнө чоң салымын кошкон, буга дейре БУУ тутумунун Туруктуу координатору кызматын ээлеген Александр Аванесовдун жемиштүү ишмердүүлүгүн белгилеп кетти.

«Акыркы жылдары Кыргыз Республикасы жана БУУӨП кызматташтык деңгээли кыйла жогорулады, анын алкагында республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүшүнө багытталган бир катар долбоорлор ишке ашырылып жатат. Муну эске алуу менен БУУ институттары менен аталган багытта өнөктөштүктү улантууга даярдыгыбызды билдиргим келет, анткени БУУӨП программалары биздин жарандардын жашоосун жакшыртууда маанилүү ролду аткарууда», - деп белгиледи Премьер-министр.

Өкмөт башчы Кыргызстандын туруктуу социалдык-экономикалык өнүгүү жолунда ишенимдүү бара жаткандыгына басым жасады. Кыргыз Республикасынын 2040-жылга чейинки Өнүгүү Стратегиясын ишке ашырууда алгачкы жана абдан маанилүү баскыч катары саналган «Жаңы доорго-кырк кадам» Программасы иштелип чыкты.

Өз кезегинде Кыргыз Республикасындагы БУУӨП Туруктуу Өкүлү Озонния Ожиело БУУӨП тутумунун бүтүндөй жумушу алардын астына Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана жарандары койгон милдет жана маселелердин тегерегине топтоштурулгандыгын белгиледи.

«Менин алдымда маанилүү миссия турат – мага чейинки башталган иштерди улантып гана тим болбостон, аларды мыкты аткарууга умтулуу. Жеке өзүм тараптан сиздерди Кыргызстандын Өкмөтү менен кызматташууга, колдоого жана жемиштүү иштешүүгө даяр экендигибизге ишендирип кетким келет. Сиздер жаңы амбициялык долбоорлорду ишке ашырууда ар дайым биздин жардамга ишенсеңиздер болот, алардын бири катары «Таза Коом» улуттук долбоору жана «Жаңы доорго кырк кадам» программасы эсептелет. Бул өлкө жана коом үчүн зарыл жана маанилүү долбоорлор. Биз аларды колдоого даярбыз», - деп белгиледи Озонния Ожиело.

Кызматташтыктын учурдагы абалы жана келечеги тууралуу токтолуп, Премьер-министр Сапар Исаков бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасы менен БУУӨП кызматташтыгы өз-ара байланышта иштешүүнүн ургаалдуу жаңы деңгээлине чыккандыгын белгиледи.

«Биз БУУӨП тутуму менен өз ара аракеттешүүнүн баштапкы деңгээлинин келечекте сакталышына ишенебиз. Биздин өлкө үчүн БУУ менен кызматташуунун келечектүү багыттары катары социалдык-экономикалык жана маданий-гуманитардык мүнөздөгү маселелер болуп саналат», -деп жыйынтыктады Өкмөт башчы.

Пикир

Оставить комментарий