• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Коридорлор бош, Бишкекте сасык тумоо боюнча кырдаал турукташты – КР ССМ

Ден соолук 0

Бишкек, 17.01.18. /Тумара Туратбекова – Кабар/. Бишкекте сасык тумоо жана курч респиратордук жугуштуу оорулар (КРЖО) кырдаалы турукташты. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз борборунун консультанты Елена Баялинова билдирди.

Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасынын башкы дарыгери Гүлжигит Аалиевдин айтымында, өткөн жумада медиктерге кайрылган жана ооруканага жаткырылган адамдардын саны азайды.

“Коридорлор бош. Бардык бейтаптарга палаталарда орундар жетиштүү. Учурда КРЖО диагнозу менен стационарда 120 адам дарыланууда. Негизинен бардыгы 14 жашка чейинки жана андан жогору жаштагы балдар”, - деп билдирди Аалиев.

16-январда РКЖОО кабыл алуу бөлүмүнө 37 адам кайрылып, алардын 26сы жаткырылган.

Пикир

Оставить комментарий