• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкекте бөйрөк трансплантациясын өнүктүрүү боюнча координациялык кеңешме өттү

Ден соолук 0

Бишкек, 08.02.24. /Кабар/. Саламаттык сактоо министрлигинде бөйрөк трансплантациясын өнүктүрүү боюнча координациялык кеңешме өттү.

Ведомстводон билдиришкендей, кеңешмеге министр Алымкадыр Бейшеналиев, дарыгерлер жана жогорку деңгээлдеги саламаттык сактоо уюмдарынын жетекчилери, министрликтин башкармалык жетекчилери жана гемодиализ жамаатынын өкүлдөрү катышты.

Жыйында президент Садыр Жапаровдун Кыргызстанда тууган донордон бөйрөк трансплантациясын өнүктүрүү боюнча буйругун ишке ашыруу маселеси каралды. Бөйрөк трансплантациясына муктаж реципиенттердин жана донорлордун реестрин өркүндөтүү. Дарыгерлер топторун, анын ичинде иммунологдорду даярдоо, аларды чет өлкөлөрдө, атап айтканда, Түркиянын адистештирилген клиникаларында окутуу талкууланды.

Жыйынтыгында донорлорду жана реципиенттерди тандоо боюнча нефролог, уролог, тиешелүү министрликтер менен ведомстволордун өкүлдөрүнөн турган этикалык комиссиянын отурумун өткөрүү чечими кабыл алынды. Ошондой эле, Эне жана баланы коргоо улуттук борборуна жана Кыргыз-түрк достук ооруканасына иммуносупрессивдүү дары-дармектерди, реагенттерди жана медициналык буюмдарды сатып алуу үчүн каржылоо маселесин иштеп чыгуу чечими кабыл алынды.

Маалымат үчүн: Бөйрөк трансплантациясына байланыштуу суроолор боюнча төмөнкү дарекке кайрылыңыз:

- Касымалиева Мээрзат, бөйрөк алмаштыруу боюнча координатор. 0700 844407;
- Исаева Мира Исаевна – медицина илимдеринин кандидаты, Кыргыз-Түрк ооруканасынын башкы дарыгеринин орун басары. 0772 505652;
- Бейшебаева Насира Адылбековна – медицина илимдеринин кандидаты, Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун нефрология бөлүмүнүн башчысы. 0700627716;
- Динара Аалыевна Айыпова – медицина илимдеринин кандидаты, Улуттук кардиология жана терапия борборунун нефрология бөлүмүнүн башчысы. 0555 778792;
- Матамова Санабар Исраиловна – «Гемодиализ менен ооруган бейтаптар» коомдук уюмунун өкүлү. 0778 134738.

Пикир

Оставить комментарий