• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кыргызстандын делегациясы Белградда кант диабетине арналган саммитке катышууда

Ден соолук 0

Бишкек, 29.11.23. /Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын 28-29-ноябрында Сербиянын Белград шаарында кант диабети менен ооруган адамдарга диагностикалык, дарылоо жана кам көрүү кызматтарын көрсөтүүнүн маанилүүлүгүн талкуулоо үчүн жогорку деңгээлдеги техникалык саммит өтүүдө.

КР Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришкендей, иш-чарага Кыргызстандан делегация катары Жогорку Кеңешти депутаты Винера Раимбачаева жана саламаттык сактоо министринин орун басары Айжамал Шамбетова катышууда.

Аталган саммит Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун Европа регионалдык бюросу тарабынан Эл аралык диабет федерациясынын европалык бөлүмү (IDF-Europe) менен бирге уюштурулган.

Инновациялык дарылоонун жана технологиялардын пайда болушуна жана кант диабетин көзөмөлдөөгө саясий колдоонун өсүп жатканына карабастан, диабет менен ооруган адамдардын ден соолугунун натыйжалары жакшырбай жатат.

ДСУнун Европа аймагында кант диабетинин таралышы коркунучтуу темп менен өсүүнү улантууда жана кант диабети менен жашаган адамдардын жарымы дарылоонун бир нече варианттарынын бар экендигине карабастан, дарылоо максаттарына жетпей жатат. Кант диабети менен ооруган адамдардын үчтөн бири өздөрүнүн абалын билишпейт.

Саммитке ДССУнун жана Эл аралык диабет федерациясынын европалык бөлүмүнүн эксперттери, саламаттык сактоо органдарынын жана Евробиримдиктин (ЕБ) өкүлдөрү катышууда. Алар кант диабетин көзөмөлдөөнүн маанилүүлүгүн жогорулатуу жана конкреттүү иш-чараларды күчөтүү ыкмаларын талкуулашууда.

Саммитке жарандык коомдун өкүлдөрү, медицина кызматкерлери жана кант диабети менен жабыркагандар да чакырылган. Саммиттин катышуучулары БУУ, ДСУ, ЕБ жана башка тиешелүү уюмдар тарабынан кант диабети боюнча милдеттенмелерди, алардын ортосундагы байланыштарды, иш-аракеттердин мүмкүнчүлүктөрүн жана кийинки кадамдарды талкуулашат.

Саммиттин программасына төмөнкү маселелер боюнча талкуулар кирет:

  • кант диабетин аныктоо жана диагностикалоо;
  • жардамдын сапаты, адамдарга багытталган кам көрүү жана өтүшүп кетүүлөрдүн алдын алуу;
  • зарыл жана сапаттуу дарылоого бирдей мүмкүнчүлүк.

Саммиттин катышуучулары диабет менен күрөшүүнүн дүйнөлүк максаттарына жетишүүдөгү, аларды ишке ашыруудагы ийгиликтерди талдап чыгышат жана ДСУ тарабынан сунушталган эң эффективдүү кийлигишүүлөрдү камтыган, далилдерге негизделген кийлигишүүлөрдүн мисалдары менен бөлүшүшөт.

Ошентип, саммит кант диабети менен жашаган адамдардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө жана алардын муктаждыктарын жана артыкчылыктарын эң жакшы чагылдырган сунуштарды жана максаттарды иштеп чыгууга тартууга багытталган.

Саммитте аракетке чакыруу жана бул жаатта жайылтуучу курал катары кызмат кыла турган билдирүү кабыл алынат.

Пикир

Оставить комментарий