• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кыргызстан менен Корея маданият жана искусство саясаты чөйрөсүндө кызматташат

Маданият 0

Бишкек, 29.11.23./Кабар/. Кыргызстан менен Корея маданият жана искусство саясаты чөйрөсүндө кызматташат. Бул тууралуу маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, кызматташуу жөнүндө өз ара түшүнүшүү меморандумуна А.Осмонов атындагы Кыргыз улуттук китепканасында маданият министринин орун басары Айнура Аскарова менен Корея Маданият жана туризм институтунун президенти Ким Саэ Вондун жолугушуусунда кол коюлду.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Корея менен Кыргызстандын ортосунда маалыматтык тенденцияларды алмашуу, ошондой эле маданият жана искусствону өнүктүрүүгө багытталган кызматташтыкты улантуу тууралуу сүйлөшүштү.

Айнура Аскарова Корея өкмөтүнө Кыргызстандын материалдык эмес маданий мурастар тармагына көрсөтүлүп жаткан колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди.

“Бүгүнкү кол коюлган келишимдин негизинде мындан ары эки өлкөнүн ортосундагы маданият жана искусство саясаты, тажрыйба жана билим алмашуу жаатында кызматташты өнүктүрүү боюнча биргеликте иш алып бара турганыбызга ишенем”-деп билдирди.

Ошону менен бирге эле Айнура Аскарова эки ай мурда ODA долбоору менен Кореяда болгонун, иш-сапардын алкагында Кореянын бир топ маданий мекемелерин көрүп, заманбап кол өнөрчүлүк көргөзмөлөрү менен таанышып кайтканына токтолду.

Жолугушуунун соңунда Корея тарап Улуттук китепканадагы Корея борборунун иши менен таанышты.

Пикир

Оставить комментарий