• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте “Бейформал Путин” сүрөт көргөзмөсү ачылды

Маданият 0

Бишкек, 18-апрель /Роман Гайнанов – Кабар/. Бүгүн Бишкектеги Б.Ельцин атындагы Кыргыз-Россия Славян университетинде “Бейформал Путин” сүрөт көргөзмөсү ачылды. Көргөзмөгө «Московский Комсомолец» гезитинин сүрөт кабарчылары Александр Астафьев жана Наталья Губернаторованын эмгектери коюлган.

Көргөзмө Россия жана Кыргызстандын ортосундагы дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 25 жылдыгына арналган. Экспозицияда РФ Президентинин дүйнө лидерлери жана катардагы россиялыктар менен жолугушууларындагы, салтанаттуу аземдердеги жана РФ башчысынын эс алуу учурундагы сүрөттөр бар.

Сүрөт көргөзмө Россиянын: Москва, Санкт-Петербург, Челябинск, Костром, Краснодар, Сочи, Майкоп, Омск, Курск, Вологда, Астрахань, Тула, Барнаул, Севастополь жана башка шаарларында, ошондой эле, Греция, Испания, Германия, Улуу Британияда жана башка жерлерде көрсөтүлүп, жандуу кызыгуу жараткан.

Көргөзмөнүн ачылышына РФнын КРдагы элчиси Андрей Крутько, КРСУ ректору Владимир Нифадьев жана башка расмий адамдар катышышты.

Пикир

Оставить комментарий