• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте экинчи республикалык "Жаңы муун" сынагы жыйынтыкталды

Маданият 0

Бишкек 15.04.22. /Кабар/. 14- апрелде Калый Молдобасанов атындагы Кыргыз Улуттук консерваториясында экинчи республикалык "Жаңы муун" сынагы жыйынтыкталды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги кабарлайт.

Маалымтка ылайык, салтанат маданият министри Азамат Жаманкуловдун катышуусунда өттү.

Министр сынакка катышкан жеңүүчүлөрдү жана лауреаттарды куттуктап жатып, экинчи жолу өтүп жаткан сынактын деңгээлинин жогорулашы жана катышуучулардын санынын өсүшүнө маани берди. Жаш музыканттардын профессионалдык деңгээлде аспаптарды ойноосу, жаңы муундун өсүп келе жатканынан кабар бере турганын айтып, аларга билим берип жаткан мугалимдердин ролун баса белгиледи.

Сыйлоонун жүрүшүндө жеңүүчүлөргө акчалай сыйлык, ошондой эле сынактын башкы демөөрчүсү Sound.kg компаниясынын аспаптарынан тандап алуу мүмкүнчүлүгү берилди.

Мындай мүмкүнчүлүк жеңүүчү өзүн кесиптик жактан даярдоого жана шыктанууга өбөлгө түзөт.

Эске салсак, аталган сынак 2021-жылы Маданият, маалымат, спорт, жана жаштар саясаты министрлиги жана К. Молдобасанов атындагы Кыргыз Улуттук консерваториясы тарабынан негизделген. Ал эми, Sound.kg компаниясы Yamaha компаниясынын Кыргызстандагы өкүлчүлүгү болуп саналып, инструменталдык багыттагы сынактарга демөөрчү болуп келет.

Пикир

Оставить комментарий