• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бүгүн Кыргызстанда Ак калпак күнү белгиленет

Маданият 0

Бишкек, 05.03.20. /Кабар/. Бүгүн, 5-март Кыргызстанда Ак калпак жана улуттук кийимдер күнү белгиленет. Бул күнү өлкөнүн бардык аймактарында Ак калпакты даңазалаган ар түрдүү иш-чаралар өткөрүлөт.

Эскерте кетсек, ак калпак күнүн белгилөө идеясы 2011-жылдын февраль айында кинорежиссер Рысбек Жабиров тарабынан коомчулукка сунушталган. Демилге эл тарабынан колдоого алынып, бир нече жылдан бери Кыргызстандын булуң-бурчтарында жана чет өлкөдө жашаган кыргыздар тарабынан белгиленип келе жатат.

Калпак – бул эркектердин салттуу баш кийимдеринин ичинен башкысы болуп саналат. Көптөгөн кылымдар бою кыргыз эли баш кийимди ыйык санап келет. Манас бабанын мезгилинен бери анын формасы өзгөргөн эмес жана көп кырдуу мааниге ээ болуп, Ала-Тоонун ак карлуу чокуларын, кыргыз элинин жан дүйнөсүнүн аруулугун жана кооздугун чагылдырып турат.

Пикир

Оставить комментарий