• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Дүйнөдө жылына 8 млн адам каза болсо, анын 7 миллиону чылымдан көз жумат — Алтымышева

Ден соолук 0


Бишкек, 30.05.22. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Кыргызстан эртең, 31-майда – бүткүл дүйнөлүк чылым чегүүгө каршы күрөшүү күнүн белгилейт.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун Кыргызстандагы өкүлү Алийна Алтымышеванын айтымында, быйыл “Тамеки айлана-чөйрөгө коркунуч!” ураанынын астында аталган күн белгиленет.

“Бул жолу айлана-чөйрөгө тийгизген таасирлер туурасында сөз кылабыз. Алсак, тамекини өндүрүүдө абага 84 млн тонна көмүр кычкыл газы чыгат. 1970-жылдан бери 1,5 млрд гектар тропикалык токойлор жок болгон. Жылына 200 миң гектар жерде 4,5 трлн тамеки өндүрүлөт. Аз келгенсип, сууну дагы көп талап кылып, жертин кыртышын бузат”, - дейт ал.

Алтымышева белгилегендей, дүйнө жүзүндө жылына 8 млн адам каза болсо, анын 7 миллиону чылымдан, 1 миллиону никотинден көз жумат.

Пикир

Оставить комментарий