• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кыргызстанда өткөн жылы чылым чегүүдөн 214 өрт катталып, 10 адамдын өмүрү кыйылды

Кырсык 0

Бишкек, 30.05.22. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Кыргызстан эртең, 31-майда – Чылым чегүүгө каршы күрөшүүнүн бүткүл дүйнөлүк күнүн белгилейт.

“Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйынында ӨКМдин Өрттү өчүрүү, алдын алуу жана өрттү анализдөө бөлүмүнүн башчысы Ренат Токталиев 2021-жылы өлкө аймагында 3 миң 88 өрт кырсыгы катталганын айтат.

“Кырсыктан 905 млн 259 миң сомдон ашык зыян келтирилген. Андан 54 адам каза болгон. Ал эми чылым чегүүдөн 214 өрт катталып, 10 адамдын өмүрү кыйылган. Бул 6 млн калк үчүн өтө көп. Биз тараптан алдын алуу иштери жүргүзүлүп жаткандыгына карабастан ушундай көрүнүштөр болууда”, - дейт ал.

Токталиев чылымдан өрт гана эмес, жарылуулар болуп, бир учурда бир нече адам жабыр тартып жатканын кошумчалады.

Пикир

Оставить комментарий