• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

ЖК депутаттары Стамбулда жашаган мекендештер менен жолугушту

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 29.11.23. /Кабар/. Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Нурланбек Азыгалиев, депутаттар Ырысбек Атажанов жана Айбек Маткеримов Стамбулда жашаган мекендештер менен жолугушту.

Парламенттен билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстандын жарандарынын Түркияда жүрүүсүнө байланыштуу убактылуу же туруктуу жашоого уруксат алууну жөнөкөйлөтүү, консулдук кызматтарды алуунун жол-жоболору жана иш визасындагы көйгөйлүү маселелер талкууланып, сунуштар айтылды.

Нурланбек Азыгалиев аталган маселелерди чечүү боюнча жана миграциялык саясатты жөнгө салууга багытталган иш-чаралар боюнча кеңири маалымат берди.

Стамбул шаарында жашаган мекендештердин кызыккан суроолоруна Жогорку Кеңештин депутаттары жана Башкы консулдуктун кызматкерлери жооп беришти.

Ошондой эле депутаттар тобу Башкы консулдуктун иштөө шарты, консулдук кызмат көрсөтүү процесси менен таанышты.

Кошумчалай кетсек, учурда Жогорку Кеңештин төрагасына караштуу Миграция жана адамдарды сатууга каршы күрөшүү боюнча кеңештин делегациясы Түркияда иш сапары менен жүрөт.

Пикир

Оставить комментарий