• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

29-ноябрга карата күтүлгөн аба ырайы

Коом 0

Бишкек, 29.11.23. /Кабар/. Кыргызгидромет борбору 29-ноябрда өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат таратты.

Ага ылайык, бүгүн Баткен облусунун тоо этектеринде жаан, тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы Чүй облусунда +14...+19, Талас облусунда +12...+17, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +15...+20, Ысык-Көл, Нарын облустарында +6...+11 градус болот.

Ал эми абанын табы Бишкек шаарында +17...+19 градуска жетет.

Пикир

Оставить комментарий