• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Милициянын кайгуул кызматы тыгындарды жоюу максатында иш алып барууда

Коом 0

Бишкек, 24.10.20. /Кабар/. Милициянын кайгуул кызматы тыгындарды жоюу максатында борбордо иш алып барууда.

Кайгуул кызматынан билдиришкендей, борбор калаада коомдук тартипти жана жол коопсуздугун сактоо боюнча Милициянын кайгуул кызматы өз ишин күнү-түнү жүргүзүп, тыгындар пайда болгон жерлерге токтоосуз кызматкерлердин тобу жөнөтүлүүдө.

Ошондой эле саат 07:00дөн 10:00гө чейин жана кечкисин саат 17:30дан 19:30га чейин жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу максатында көчө кесилиштеринде кыймылды кол менен жөндөп иш алып барышат.

Пикир

Оставить комментарий