• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстанда органикалык продукцияны экспорттоо боюнча сертификациялоочу компаниялар ачылышы мүмкүн

Коом 0

Бишкек, 30.06.21. /Кабар/. Кыргызстанда эл аралык деңгээлдеги жеткиликтүү сертификат алуу үчүн шарт түзүү пландалууда. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйында Органикалык айыл чарба департаментинин директору Бактыгүл Аскералиева билдирди.

Анын айтымында, бийлик продукцияны чет өлкөлөргө экспорттоо үчүн сертификациялоочу органдардын филиалдарын ачууга кызыкдар.

“Дыйкандарга сертификат алуу үчүн башка өлкөгө баруунун кажети жок, Кыргызстандан эле ала алат. Эгерде филиалдар ачылса, жергиликтүү эксперттерди жумушка тартышат. Биздин эксперттер бул процессин үйрөнүп, өздөрү сертификациялоочу компанияларды ача алышат. Андан кийин Евро Биримдик менен органикалык стандарттар боюнча макулдашабыз. Эгерде стандарттар кабыл алынса, анда Кыргызстандын продуктылары толугу менен органикалык болуп эсептелет”, - деди ал.

Өз кезегинде тышкы байланыштар жана инвестициялар бөлүмүнүн башчысы Ренат Токбаев чет өлкөгө экспорттоого бериле турган сертификат болжол менен 10 миң долларга бааланарын айтат.

“Жаңы жобого ылайык, мамлекет продукцияны экспорттоого сертификат берген органдарга бир катар жеңилдиктерди берет. Натыйжада сертификаттардын баасы төмөндөп, жеткиликтүү болуп калат. Дыйкандарга органикалык продукцияны эл аралык стандарттарга ылайыктап өстүрүүнү үйрөтүү үчүн сертификаттоочу органдар ачылат. Айрым дыйкандар азыктарга химиялык элементтерди кошпосо, анда ал органикалык деп эсептейт. Бирок андай эмес. Жаңы жобо биздин дыйкандарга ЕАЭБдин чегинен тышкары эл аралык рынокко чыгууга мүмкүнчүлүк берет”, - дейт Токбаев.

Пикир

Оставить комментарий