• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Төрага Шакиев Координациялык кеңештин кезектеги жыйынын өткөрдү

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 27.02.23. /Кабар/. Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Координациялык кеңештин кезектеги жыйынын өткөрдү

Жыйынга төраганын орун басарлары, фракция лидерлери, тармактык комитеттердин төрагалары жана Аппараттын жетекчилери менен бөлүм башчылары катышты.

Төрага Нурланбек Шакиев Координациялык кеңеш парламенттин иш планын талкуулоо үчүн керектүү аянтча экенин белгилеп, андыктан жыйында айтылган бардык сунуш-пикир эске алынышы керектигин кошумчалады.

Андан соң жыйында 2023-жылдын март айына карата парламенттин календардык планынын долбоору каралып, бир добуштан колдоо тапты.

Ошондой эле Жогорку Кеңештин эл аралык кызматташтыгына тиешелүү пландын долбоору бекитилди.

Муну менен катар парламенттин тармактык комитеттеринин февраль айындагы ишмердүүлүгү талкууланып, ар бир комитеттин төрагасы караган маселелери боюнча маалымат беришти.

Төрага Нурланбек Шакиев ар бир мыйзам долбоорун комитеттерде кеңири талкуулоо керектигин айтып: “Ошондо гана сунушталган долбоорду жалпы жыйында кароо жеңил болот", - деди. Мындан тышкары, көйгөйлөрдү жеринде көрүп келүү үчүн көчмө жыйындарды көбүрөөк өткөрүү керектигине токтолду.

Кеңеште фракциялардын лидерлери жана комитеттердин төрагалары да парламенттин ишмердүүгүнө байланышкан бир катар сунуштарды беришти.

Анын ичинен министрлер кабинети мыйзам долбооруна карата орток пикирди камтыган, так корутунду бериши керектиги айтылып, Координациялык кеңештин мүчөлөрү аталган маселеге көңүл бурууга чакырышты.

Пикир

Оставить комментарий