• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

ЖӨБ орган жетекчилери долбоорлорду иштеп чыгуунун жол-жоболорун үйрөнүшүүдө

Коом 0

Бишкек, 27.01.23. /Кабар/. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу (ЖӨБ) органынын жетекчилери региондордун социалдык-экономикалык өнүгүүсүн стратегиялык пландаштырууну жана жергиликтүү экономиканы өнүктүрүүгө багытталган сабаттуу долбоордук башкарууну эске алуу менен долбоорлорду иштеп чыгуунун жол-жоболорун үйрөнүшүүдө.

"Мамлекеттик башкаруудагы долбоордук менеджмент" аталыштагы эки күндүк окутуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттик, президенттин аминистрациясынын, Жусуп Абдрахманов атындагы президентке караштуу Мамлекеттик башкаруу ккадемиясы менен биргеликте уюштурулган.

Окуу региондук, облустук жогорку окуу жайлардын жана президентке караштуу Жусуп Абдрахманов атындагы Мамлекеттик башкаруу академиясынын базасында өткөрүлөт.

Эки күндүк курстун алкагында жалпы 531 адамды окутуу пландаштырылган.

Пикир

Оставить комментарий