• 88.57
  • 95.33
  • 0.97

Саламаттык сактоо министри БУУӨПтүн туруктуу өкүлү менен жолукту

Ден соолук 0

Бишкек, 01.02.24. /Кабар/. Бүгүн, 1-февралда саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев БУУнун Өнүктүрүү программасынын Кыргызстандагы труктуу өкүлү Александра Соловьева менен жолукту.

Ведомстводон билдиришкендей, жолугушуунун максаты БУУнун Өнүктүрүү программасы менен саламаттыкты сактоо тармагындагы кызматташтыкты өнүктүрүүнүн негизги артыкчылыктарын талкуулоо болду.

Министр Александра Соловьеваны БУУнун Өнүктүрүү программасынын Кыргызстандагы туруктуу өкүлү кызматына киришүүсү менен куттуктап, өз ара пайдалуу кызматташуу шарттарында кызматташтыктын мындан ары да бекемделишине ишенимин билдирди.

Ал ошондой эле ВИЧ инфекциясы жана кургак учук менен күрөшүү ведомствонун артыкчылыктуу багыттарынын бири экенин баса белгиледи.

"Кыргызстан ВИЧ инфекциясы жана кургак учук менен күрөшүүгө багытталган эл аралык жана улуттук документтерди ишке ашырууда так багытты карманат. 2024-2026-жылдарга карата жаңы сунушубузда биз Глобалдык фонддун грантынын негизги алуучусунун ролун КР Саламаттык сактоо министрлигине этап-этабы менен өткөрүү боюнча чараларды киргиздик, бул биздин улуттук саламаттыкты сактоо тутумун чыңдоо боюнча милдеттенмебизди баса белгилейт. Биргелешкен аракет менен биз алдыга жылып, жарандарыбызды сапаттуу жана жеткиликтүү медициналык тейлөө менен камсыздай алабыз", -деди министр Алымкадыр Бейшеналиев.

Өз кезегинде Александра Соловьева БУУнун Өнүктүрүү программасы Кыргызстандын саламаттык сактоо системасын өнүктүрүү максатында кызматташууну улантууга даяр экенин белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий