• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ош шаарында аялдарды колдоо жана коргоо боюнча форум өттү

Аймак 0

Бишкек, 15.02.24. /Кабар/. Ош шаарында "Аялдар кеңеши" бирикмеси тарабынан уюштурулган "Аял-эне, аял-жар, аял-коомдун күзгүсү мамлекттин жаркын келечеги!" аталышында форум өттү.

Муниципалитеттен билдиришкендей, иш-чарага Ош шаарынын мэриясынын өкүлдөрү, Республикалык аялдар бирикмесинин төрайымы Атыргүл Кожоева жана окуу жайдын окутуучулары катышты.

Форумдун алкагында университеттин илимий чөйрөсүнүн өкүлдөрү үй-бүлөдө аялдардын укуктарынын бузулушунун алдын алуу жана коргоо, өнүгүү максатында коюлган баштапкы кадамдарында демилгелерин колдоо, мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү боюнча докладдарды жана презентацияларды жасашты.

Пикир

Оставить комментарий