• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

«Кербен» аэропортунун аэродрому оңдолот

Аймак 0

Бишкек,07.05.23./Кабар/. Жалал-Абад облусундагы «Кербен» аэропортунун аэродромунда оңдоо жана калыбына келтирүү иштери жүргүзүлөт. Бул тууралуу «Кыргызавтожолу» мамлекеттик мекемесинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, азыркы учурда чуңкур кесүүгө жана аң-чөнөктөрдү жамоого даярдык иштер жүрүүдө. «Аэродромдун учуу-конуу тилкеси, учактын токтоочу жайлары жана башка бөлүктөрү асфальтталынат», — деп айтылат маалыматта.

Мекемеден кошумчалашкандай, аткарыла турчу иш-чаралар транспорт жана коммуникациялар министри Тилек Текебаевдин көзөмөлүндө болот.

Белгилей кетсек, учурда «Талас» аэропортунун аэродромунда оңдоо жана калыбына келтирүү иштери жүргүзүлүүдө.


Эске салсак, президенттин демилгеси менен Улуттук өнүктүрүү программасынын алкагында аймактардагы аэропорттордун инфраструктурасын жакшыртуу жана ички авиакаттамдарды калыбына келтирүү боюнча иш-чаралар белгиленген.

«Ысык-Көл», «Каракол», «Нарын», «Ош», «Жалал-Абад» аэропортторун реконструкциялоо пландалууда, Талас облусунда аэропорт ишке киргизилет, «Баткен» жана «Казарман» аэропортторунун аэродромдорунун элементтеринин оңдоо-калыбына келтирүү иштери жүрүүдө.

Пикир

Оставить комментарий