• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жалал-Абад мэриясынын жол башкармалыгына жаңы техника тапшырылды

Аймак 0

Бишкек, 11.07.23. /Кабар/. Бүгүн, 11-июлда Жалал-Абад шаардык мэриясынын жол башкармалыгына 4 даана SHACMAN үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу жана 1 даана Hyundai Porter үлгүсүндөгү унаалардын ачкычы тапшырылды.

Муниципалитеттен билдиришкендей, техниканы шаары мэри Эрнисбек Ормоков, шаардык кеңештин төрагасынын орун басары Автандил Дүйшеев баштаган шаардык кеңештин депутаттары тапшырды.

Шаар мэри жаңы тапшырылган техникалар жумушчулардын ишин жеңилдетип, жолдорду оңдоп-түзөө, асфальт төшөө жана тротуар куруу жумуштарын тезирек бүткөрүүгө шарт түзө турганын белгиледи. Ошондой эле аталган мекеменин жумушчулары 2023-жылга белгиленген пландарды толугу менен аткарса, айлык акысын көтөрүп берүүнү убада кылды.

Жаңы техникалар Жалал-Абад шаарын өнүктүрүүгө республикалык бюджеттен бөлүнгөн каражаттын эсебинен 21 млн 76 миң сомго сатып алынды.

Белгилей кетсек, жол башкармалыгында жаңы тапшырылган жүк ташууучу унааларды кошкондо жалпы 18 техника бар. Аталган мекемеге акыркы жолу 2018-жылы бир даана КамАЗ үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаа сатып алынган. Ал эми 2020-жылы бир даана автогрейдер, 2022-жылы бир даана экскаватор сатып алынган болчу.

Пикир

Оставить комментарий