• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Ош милициясы: Акыркы кезде облус аймагында жол кырсыктары көп катталууда

Аймак 0

Бишкек, 12.11.20. /Кабар/. Акыркы кезде Ош облусунун аймагында жол унаа кырсыктары көп катталууда, - деп билдирет облустук милициянын басма сөз кызматы.

Милициянын маалыматында айтылгандай, анын кесепетинен бей күнөө жарандардын жана жаш өспүрүмдөрдүн өмүрү кыйылууда. Мисалы, 2020-жылдын 9 ай ичинде облустун аймагында 522 жол кырсыгы катталып, анын натыйжасында 107 жаран каза болуп, 925 жаран ар кандай оор жаракаттарды алышкан.

Ош ОИИБдин 2020-жылдын 26-октябрындагы буйругунун талаптарын аткаруу максатында, Ош ОИИБдин МКККнын ӨБнын туристтик взводунун инспекторлору
жана Ош ОИИБгы боюнча ЖКККБнын кызматкерлери менен биргеликте жол унаа кырсыктарын алдын-алуу максатында иш-чаралар алып барылууда.

«Бирдиктүү дислокация боюнча жер-жерлерге бөлүнгөн ар бир туристтик взводунун кызматкери, ЖКККБнын кызматкери тарабынан ар бир токтотулган автоунаанын айдоочуларына жана жүргүнчүлөрүнө, «Абайла айдоочу! Адам өмүрү сенин колуңда» аттуу эскертүү баракчаларын таркатуу менен бирге эл көп топтолгон жерлерге барышып, айдоочулардын жол эрежелерин так сактоосун жана мас абалында автоунаа башкарбоосун, карама-каршы тилкеге чыкпай автоунаа башкарууларын айдоочуга эскертип турууга милдеттүү экендиктерин эске салышууда. Анткени алардын өмүрү жана ден-соолугу айдоочунун колунда экендигин эскертип жатышат», - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий