• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Чек ара чыры. Жарандардын малы жана унаалары уурдалган — Кармышаков

Аймак 0

Бишкек, 07.05.21. /Кабар/. Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжал учурунда кыргызстандыктардын малы жана унаалары уурдалган. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, экономика жана финансы министри Улукбек Кармышаков билдирди.

Анын айтымында, атайын түзүлгөн комиссия келтирилген зыяндын суммасын аныктоодо.

“Комиссиянын корутундусуна карата келтирилген зыяндын суммасы аныкталат жана мамлекет тарабынан зыяндын орду толукталат. Жабыркагандарга кенемте төлөө категория боюнча берилет: оор жараат алгандан жеңил жабыркагандарга чейин. Каражат жакынкы аралыкта бериле баштайт”, - дейт ал.

Пикир

Оставить комментарий