• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Мектеп директорлорун тандоо: Жалал-Абадда – 158, Баткенде – 98 бош орун бар

Аймак 0

Бишкек, 09.08.22. /Кабар/. 11-августта Баткен жана Жалал-Абад облустарынын мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин бош кызмат орундарына талапкерлерди компьютердик тестирлөө башталат.

Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришкендей, Баткен облусунда – 98, Жалал-Абад облусунда – 158 бош орун бар.

Белгиленгендей, тестирлөө Билимдин сапатын баалоо жана маалыматтык технологиялар улуттук борбору тарабынан өткөрүлөт.

Процесстин ачыктыгын жана айкындуулугун камсыз кылуу үчүн көз карандысыз коомдук уюмдардын өкүлдөрүнө байкоо жүргүзүү жана телеканалдардын катышуусу менен социалдык тармактарда компьютердик тестирлөөнү түз алып көрсөтүү пландаштырылууда.

"Сынакка байланыштуу суроолор жаралса, төмөндөгү номерлерге кайрылсаңыздар болот: 0505 110 108, 0556 110 107, 0755 112 237, 0778 112 238", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий