• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Бишкек-Ош жолунда тыгылып калган унаалар чыгарылды - ӨКМ

Аймак 0

Бишкек, 11.03.21. /Кабар/. Бишкек-Ош унаа жолунда тыгылып калган унаалар чыгарылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 10-март күнү саат 09:25 чамасында Бишкек-Ош унаа жолунун 221-чакырымында "Volvo" үлгүсүндөгү күйүүчү май ташыган унаа жолдун четинде тыгылып, чыга албай туруп калган.

Ошондой эле 11-март күнү саат 05:40 чамасында Бишкек-Ош унаа жолунун 240-чакырымында “Honda Odyssey” үлгүсүндөгү унаа жолдун четинде тыгылып чыга албай туруп калган.

Жерине куткаруучулар тартылып, КамАЗ унаасы менен 2 унааны тең чыгарып беришкен.

Пикир

Оставить комментарий