• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ысык-Көл облусунда жээк бекемдөө иштери башталды

Аймак 0

Бишкек, 28.02.20. /Кабар/. Ысык-Көл облусунда жээк бекемдөө иштери башталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) басма сөз кызматы кабарлайт.

Маалыматка ылайык, ӨКМ тарабынан Ысык-Көл облусунун Тоң районуна караштуу Б.Мамбетов айыл аймагынын Жер-Үй тилкесинде дамба куруу иштеринин биринчи этабы башталып, 4 шпора куруу пландалган болсо, бүгүнкү күндү бир шпора толугу менен 45 чарчы метр бүтүп, экинчи шпораны куруу иштери 58 чарчы метр улантылууда.

Натыйжада 73 турак үй, 11 гектар айыл чарба жери, 1 мектеп, 1 клуб, 1 ФАП, 2,5 чакырым ички чарбалык жол жана 3 көпүрө корголот.

Пикир

Оставить комментарий