• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

ОшМУ АКШнын Сиетл университети менен кызматташат

Аймак 0

Бишкек, 28.03.24. /Кабар/. Ош мамлекеттик университети АКШнын Сиетл университети менен кызматташат.

ОшМУдан билдиришкендей, дүйнөлүк тилдер жана маданият факультетинин америка жана котормо таануу кафедрасынын доценти Аида Зулпукарова жана Анара Жумабаева АКШнын Сиетл университетинде болушту.

Университеттин магистратура бөлүмүнүн башчысы Джоб Корб Найс жана окуу иштери боюнча проректору Триш Хенли менен жолугуп, эки тараптуу кызматташуу боюнча пикир алышты. Жолушуунун жүрүшүндө ОшМУ тууралуу маалымат берип, окуу жайдын жетишкендиктери, алдыдагы пландары боюнча презентация жасашты.

“Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө Сиетл университети менен юридика, эл аралык мамилелер, IT, бизнес жана менеджмент,филология багыттарындагы магистратура программасы боюнча академиялык мобилдүүлүктү ишке ашыруу, билим берүү, илим изилдөө жаатында кызматташтыктар тууралуу пландар талкууланды.

Биз 2023-жылы жайында АКШ университеттери менен кызматташтык боюнча жайкы программага катышып, биринчи сүйлөшүүлөр болгон. Андан кийин ОшМУ менен АКШдагы университеттердин ортосунда онлайн вебинарлар уюштурулган. Бул алаканын негизинде Сиетл университети чакыруу жиберген. Алдыда Сиетл университетинин өкүлдөрүнүн ОшМУга келүүсү да күтүлүүдө”,- деди Анара Жумабаева.

1891-жылы негизделген Сиэтл университети Вашингтон штатындагы Сиэтл шаарында жайгашкан. Сиэтл университетинде 8 академиялык колледж жана мектеп, 64 бакалавриат жана 28 магистратура программалары иш алып барат.

Пикир

Оставить комментарий