• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бекзат Эргешов бокс боюнча дүйнө кубогунун финалына чыкты

Спорт 0

Бишкек, 28.03.24. /Кабар/. Кыргызстандын бокс боюнча улуттук курама командасынын мүчөсү Бекзат Эргешов Ф.К.Салмановдун жаркын элесине арналган “Мунай өндүрүүчү мамлекеттердин” ХХ дүйнө кубогу аталышындагы эл аралык турнирдин финалына чыкты.

Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиргендей, Россиянын Нижневартовск шаарында өтүп жаткан мелдеш 25-мартта башталган 29-мартта жыйынтыкталат.

Бекзат Эргешов 51 кг чейинки салмакта катышууда. Жарым финалдык беттешинде россиялык Александр Бушукинди жеңди. Ал эми, алтын медаль үчүн россиялык мушкер Нагапетян Артур менен күч сынашат.

Финалдык беттештер 29-мартта Бишкек убактысы боюнча саат 13:00дө башталат.

Пикир

Оставить комментарий