• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Баткен шаарында “Зомбулуксуз жашоо” аталышындагы жөө жүрүш өттү

Аймак 0

Бишкек, 06.12.22. /Кабар/. Бүгүн, 6-декабрда Баткен шаарында милиция кызматкерлеринин демилгеси менен шаар жаштарынын жүрүшү уюшулду. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жөө жүрүш “Зомбулуксуз жашоо” аталышында болуп, ага 200дөн ашык мектеп окуучулары, студенттер катышты.

Милиция кызматкерлери бул жөө жүрүштү жаштар арасындагы кылмыштуулуктун алдын алуу, укук бузууларга жол бербөө, ошондой эле жаштарга карата зомбулуктарды болтурбоо максатында уюштурду.

Иш-чарага активдүү катышкан жаштар түрдүү темаларда лозунгтарды көтөрүп, Баткен шаарын Жибек жолу көчөсүнөн Т.Садыков көчөсүнө дейре жөө жүрүш жасашты.

Белгиленгендей, 2022-жылдын 11 ай ичинде балдар тарабынан же балдарга карата зордук-зомбулук фактылары катталган эмес.

Пикир

Оставить комментарий