• 88.57
  • 95.33
  • 0.97

Аксыда аткезчилик жол менен ташылып келген жер семирткич аныкталды

Укук тартиби 0

Бишкек, 06.12.22. /Кабар/. Аксыда аткезчилик жол менен ташылып келген 20 тонна минералдык жер семирткич аныкталды. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, бажы кызматкерлери Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Кызыл-Жар айылында ЕАЭБ жана КР бажы мыйзамдарын бузуулардын алдын алуу, бөгөт коюу жана аныктоо боюнча иш-чаранын жүрүшүндө Volvo үлгүсүндөгү унааны текшеришкен.

Текшерүүнүнжүрүшүндө унаадан бажылык тариздөөнү тастыктаган эч кандай документтери жок карбамид минералдык жер семирткичи табылган. Кармалган товардын жалпы салмагы 20 миң кг түзгөң.

Бул факт КБР АДС МКЖга катталып, материалдар КР мыйзамдарына ылайык, караштуулугу боюнча өткөрүлүп берилген.

Пикир

Оставить комментарий