• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

"Унаа, жер алып берем...". Ошто алдамчылыкка шектүү кармалды

Коом 0

Бишкек, 06.12.22. /Кабар/. Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын аймактык тескөөчүлөрү издөөдө жүргөн жаранды кармашты. Бул тууралуу шаардык милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, алдамчылыкка шектелип кармалган жаран Ош шаарынын Амир-Темур кичи шаарчасынын тургуну, 1983-жылы туулган А.О.

"Бир нече адамга чет өлкөдөн унаа жана үй салууга жер алып берүүнү убадалап, ири суммадагы акчаларын алып, алдап кеткен. Анын үстүнөн жалпы 8 адам арыз жазган. Алардын ичинен бешөөнө унаа убадаласа, 3 жаранга жер убадалаган. Алардан 5 миӊден 8 миӊ долларга чейин акча алган. Жарандарга келтирген чыгым 1,5 млн сомдон ашуун сумманы түзөт", - деп айтылат маалыматта.

Милициядан билдиргендей, бүгүнкү күндө бул жаран башка жарандардын унааларын ижарага алып сатып жибергендиги тууралуу дагы маалыматтар аныкталууда. Шектүү 5-декабрда кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Ош ШИИБ аталган жарандан жабыркагандарды 0553-01-70-17, 0222-6-64-12 номерлери аркылуу байланышып коюуга чакырат.

Пикир

Оставить комментарий